super.kg logo

Жалал-Абадда шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир киши каза болду

 
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кабарлангандай, 36 жаштагы киши ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.
"Ооруканада учурда төрт адам жатат, дагы алты киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
11-октябрда түнкү саат 02:29 чамасында Чаткал районундагы кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтада газ чыккандыгын кабарлаган. Шахта ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылган.
Буга чейин аталган шахтада 24 жаштагы жигиттин каза болгону белгилүү болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: