super.kg logo

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары аяктады

 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга 11-12-октябрда болгон мамлекеттик иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери тар жана кеңейтилген курамда эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине, ошондой эле министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ушул эле күнү мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-азербайжан достук паркынын ачылышы болду.

12-октябрда президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин катышуусунда Бишкекте Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган жалпы билим берүүчү мектеп ачылды.

Андан соң президенттер азербайжандык белгилүү акын Низами Гянджеви атындагы мектепте болушту.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: