super.kg logo

Жыл аягына чейин өлкө боюнча 6 миллион көчөт отургузулат

 

Бул жылы өлкө боюнча 6 миллион көчөт отургузулат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

"Өнөктүк Нарындан башталганы жатат. Президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн бардык аракетти көрүп жатабыз. Буюрса жыл соңуна чейин республика боюнча 6 миллион көчөт отургузабыз", - деди министр.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өлкөдө "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталган. Аталган өнөктүк ар бир аймакта өтүп жатканын, иш-чара жыл сайын боло турганын белгиленген. Президент өзү элди көчөт отургузууга активдүү катышууга чакырып келет.

Президент өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун саммитинде уюмга Кыргызстанда 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо сунушун бергенин айткан. Бул демилге колдоо таап, сессиянын катышуучулары резолюцияны кабыл алышкан. Февралда "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: