super.kg logo

18-октябрда Бишкектин бир нече аймагында таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт

 

18-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде жана өнөр жайда суу берүү токтотулат.

Төмөнкү чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат:

Лев Толстой - Горький көчөсү (Пригородное айылы), Алыкулов көчөсү - Ала-Арча дарыясы, анын ичинде: Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал конуштары, Достук кичи району.

«Батыш» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу токтотулат. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды суу камдап алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: