super.kg logo

Өлкөдө тогуз айда жол кырсыгынан 477 адам каза болду

 

Өлкөдө жыл башынан бери жол кырсыктарында 477 адам набыт болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Манас Сыдыгалиев бүгүнкү маалымат жыйын учурунда билдирди.

Кабарлангандай, анын ичинде 79 бала бар, 7888 адам, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алышкан.

Ал эми жыл башынан бери жалпысынан 4972 жол кырсыгы катталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу азыраак. Анткени былтыркы тогуз айда 5426 жол кырсыгы катталып, 610 адам каза болгон.

"Быйыл жол кырсыктарынын саны 8,3 пайызга азайган. Ал эми өткөн жылы жол кырсыгынын кесепетинен 610 адам каза болсо, быйыл 477 адам мерт кеткен, каза болгондордун саны 21,8 пайызга азайган. Ошондой эле быйыл жол кырсыгынан 7 миң 888 адам жабыркаса, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 8 миң 301 адам жабыркаган. Бул жабырлануучулардын саны 4,9 пайызга азайганынан кабар берет", - дейт Сыдыгалиев.

Милициянын байкоосуна ылайык, жол кырсыгы 92,4 пайыз айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70 пайызы 25тен 40 жашка чейинкилер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: