super.kg logo

"Тулпар" төлөм картасы жылдын инновациялык долбоору деп табылды

 

BPC KG компаниясы президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы МЖӨ (ГЧП) борбору тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда «Коомдук транспортто электрондук билеттер» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоору үчүн сыйланды. Бул тууралуу мэрия тарабынан маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, эл аралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк конференция 5-6-октябрда Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын, Бириккен улуттар уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өттү.

Бул туруктуу инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасындагы биринчи ири эл аралык иш-чарасы.

Эске салсак, BPC KG 2019-жылдан бери иштеп келе жатат. 2020-жылдын 1-мартынан тарта система коммерциялык ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук билет системасы бардык муниципалдык коомдук транспортторду камтыйт. Накталай эмес төлөмдөрдүн беш түрү киргизилип, "Тулпар" мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, аны 20 миңден ашык жаран колдонот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: