super.kg logo

Нью-Дели шаарында Кыргыз-Индия мамилелеринин 30 жылдыгы белгиленди

 

Кечээ, 12-октябрда Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана "Ак Марал" мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чаранын ардактуу коноктору болуп Индиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы Маданий байланыштар боюнча индия кеӊеши (ICCR), парламенттин мүчөсү Винай Сахасрабудхе, ошондой эле Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Радж Кумар Ранжан Сингх болушту.

"Иш-чарага ошондой эле Кеңештин башкы директору Кумар Тухин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, бизнес-коомчулуктун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана Индияда жашаган Кыргыз жарандары катышты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: