super.kg logo

Бишкекте ири магистралдык өткөрмө түтүгү курулууда

 

Бишкек шаарында борбордун түштүк бөлүгүнүн сууну бөлүштүрүү системасынын үчүнчү магистралдык өткөрмө түтүгү курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, канализациялык коллектордун курулушу 2021-жылдын сентябрь айында швейцариялык конфедерация өкмөтү жана Европа реконстукциялык өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” эл аралык долбоорунун чегинде башталган. Долбоордун наркы 16 миллион еврону түзөт, анын ичинде 8 миллион евро кредит жана 8 миллион евро грант.

"Бүгүнкү күндө 3557 метр магистралдык өткөрмө түтүк коюлду. Анын ичинен Ленское көчөсү боюнча Фучик көчөсүнөн Пригородное айылынын батыш коллекторуна чейин 1657 метрдеги диаметри 1000 мм болгон темир бетон түтүгү коюлду. Ошондой эле тазалоо курулмаларынан Юбилейный көчөсү боюнча Пригородное айылынын Мыскал көчөсүнө чейин курулуш иштери жүргүзүлдү. 1900 метр аралыктагы диаметри 2000мм түтүк коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Курулуп жаткан коллектордун агынды сууларды өткөрүү боюнча кубаттуулугу суткасына 100 миң кубду түзөт. Канализациялык коллектор 70 жылдан ашык мөөнөт иштейт. Диаметри бир метрден эки метрге чейин болгон магистралдык өткөрмө түтүктүн жалпы узундугу 11 чакырым. 2023-жылы долбоорду бүткөрүү пландаштырылууда. Бул перспективада шаардын жаңы райондорун канализациялык тармактарга кошууну камсыздоо үчүн жасалып жаткандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын абоненттеринен агынды сууларды топтогон жана транспортирлеген, жалпы шаарды сууну бөлүштүрүү менен камсыздаган шаардык канализациялык тармактардын жалпы узундугу 776,3 чакырымды түзөт. Шаардын негизги канализациялык тармактары өткөн кылымдын 50-80-жылдары курулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: