super.kg logo

Астанада КМШ ТИМ башчыларына Тажикстандын агрессиясы тууралуу маалымат берилди

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумунда Тажикстандын Кыргызстанга агрессиясы тууралуу маалымат берди.Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, отурумда министр аймактык коопсуздук темасына токтолуп, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимде, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясында жана 1993-жылдын 22-январындагы КМШнын уставында катышуучу-мамлекеттер өз ара мамилелерин мамлекеттик эгемендүүлүктү таануунун жана урматтоонун, теңдиктин принциптеринин, күч колдонуудан жана күч менен коркутуудан баш тартуунун, ошондой эле талаш-тартыштарды макулдашуу жолу менен чечүүнүн негизинде өнүктүрүүгө милдеттенишкенге өзгөчө көңүл бурду.

Бул багытта Кулубаев шериктештиктин уставдык документтеринин бардык нормаларына жана жалпы таанылган аймактык бүтүндүктүн, кол тийбестиктин жана чек аралардын кол тийбестигинин принциптерине карама-каршы келип, Кыргызстан бир нече жолу Тажикстандын куралдуу баскынчылык актыларына дуушар болгонун эске салды.

Ошону менен бирге Кыргызстан өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен гана чечүүгө багытталганын жана Тажикстан менен эл аралык укуктун алкагында жана кабыл алынган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин негизинде сүйлөшүү процессин улантууга даяр экендигине ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: