super.kg logo

Бакыт Төрөбаев өлкөдө ири ГЭСтерди куруу иштерин тездетүү боюнча кеңешме өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана "Камбар-Ата-2" ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун президент тарабынан "Камбар-Ата-1" ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген, анда көпүрө, тоннель, жолдор, көмөк чордон жана вахталык шаарча курулушу камтылган. Андан бери долбоорду каржылоо маселеси чечилди – жылдарга бөлүү менен 1 миллиард 555 миллион 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүнгөн.

Ошондой эле башкы подрядчы – «Нарынгидроэнергокурулуш» ачык акционердик коому аныкталды. Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев "Камбар-Ата" ГЭСи өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өтө зарыл болгон эң ири энергетикалык объект болорун белгиледи. Буга байланыштуу тиешелүү министрликтердин жетекчилерине заманбап технологияларды жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемени жаңылоо боюнча ишти тездетүү тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары казылып алынуучу отундан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүгө байланышкан учурдагы экономиканын тенденциясына өзгөчө көңүл бурду.

"Жашыл экономика" экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча дүйнөлүк күн тартипти жактоо менен инвесторлор келе турган маяк болуп саналат. Дүйнөлүк таблоиддердин айтымында, экологиялык тобокелдиктерди эске алган компаниялардын акциялары туруктуу өсүштү жана туруктуулукту көрсөтүүдө", - деди Бакыт Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: