super.kg logo

Садыр Жапаров бүгүн “Борбордук Азия-Орусия” саммитине катышат

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Астана шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына “Борбордук Азия-Орусия” саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, КМШ МБК жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Түз эфир Бишкек убактысы боюнча 12:30да башталат.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапар менен Астанада жүрөт. Кечээ, 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын башчысы Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Анда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сүйлөшүү болгону кабарланды. Бирок сүйлөшүүнүн басымдуу бөлүгү жабык өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: