"Массалык теракт жасайм". Бишкекте 7-класстын окуучусу мектептердин биринде теракт жасай турганын хайп үчүн жазган



"Бишкектеги №49 А.Толубаев атындагы орто мектебинде 14-октябрда теракт жасайм". Мындай билдирүү кечээ, 13-октябрда социалдык тармактагы жеке баракчага жазылган.
Анда “Эртең мен №49 А.Толубаев атындагы орто мектепте массалык теракт жасайм. Баарын өлтүрүү үчүн Макаров тапанчасын, бычактарды жана бомба колдоном”, - деп жазган.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан аталган факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Маалымдалгандай, социалдык тармактагы билдирүүнүн автору борбор калаадагы мектептердин биринин 7-классынын окуучусу экени аныкталган. Ал мындай кадамды хайп жасоо жана жеке баракчасына катталуучу топтоо үчүн жасаганын билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.