Өлкөдө кыздарды өсмөгө каршы эмдөө бир айдан кийин башталат
Кыргызстанда 14-ноябрда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Кабарлангандай, жалпысынан 11-14 жаштагы 200 миңден ашуун кызды камтуу пландалууда.
“Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берүүдө”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эмдөөнүн бул түрү дүйнөдө 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата папиллома вирусуна каршы вакцина 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген.
Кыргызстандын улуттук календарына ылайык, балдар жана чоңдор оор илдеттердин 13 түрүнө каршы вакцина алып, ден соолугун коргоо кепилдигине ээ боло алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.