УКМК Индияда антитеррордук машыгууларга катышты
УКМК “Манесар-Антитеррор-2022” аталган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен антитеррордук машыгуусуна катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыгуу 13-октябрда Индиянын Манесар шаарында бир нече этап менен өткөн.
"Биргелешкен антитеррордук машыгуу учурунда атайын антитеррордук бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин практикалык чеберчилиги жогорулатылып, тажрыйба алмашты. Бул жаатта кызматташууну мындан ары жакшыртуу боюнча демилгелер талкууланды",- деп айтылат маалыматта.
Мындай иш-чара террордук чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында биргелешкен жооп кайтаруу максатында уюштурулуп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.