super.kg logo

Унааларга милдеттүү видеокаттоо орнотуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Ички иштер министрлиги "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого, айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн жана жол кырсыгы учурунда талашты чечүүгө жардам берерин билдирет. Мыйзам колдоо тапса, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Долбоорго ылайык, трактор, өзү жүрүүчү (самоход) унаалардан башка унаалардын бардыгы видеокаттоочу жабдык орнотуусу тийиш. Айрыкча жүргүнчү ташыган, кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар милдеттүү түрдө койдурушу керек болот. Видеокаттоочу жабдык орнотулбаган унаалардын жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, ИИМге мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын апрель айында берген. Жарым жылдан кийин документ коомдук талкууга коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.10.2022. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турпа туура коюш керек айрыкча бизде ПДДнын П сын билбеген иттер толтура
16.10.2022. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык ж.б.у.с нерсе болгондо ким нени корду ким каякта дебей камерадан коруп тыянак чыгарганы жакшы болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: