super.kg logo

Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

 

Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарланды.

Анда айтылгандай, калыстар тобунун чечими менен Бакыт Акматов баш байгени утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыган.

  • 1-орун Турдукан Сарбанова 160 миң сом,
  • 2- орун Калыбек Турганов 120 сом,
  • 3- орунду Улукбек Токтоболот уулу 100 миң сом акчалай байгеге ээ болушту.

Андан тышкары калган катышуучуларга кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө байгелерди төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев өзү жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү инсандар тапшырышты.

Иш-чарада Алтынбек Максутов Замирбек Үсөнбаев атындагы кароо сынакты быйылкы жыл менен гана токтотуп койбостон, мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: