super.kg logo

Вагондо жашап келишкен. Сузакта селден жабыркаган 8 үй-бүлө ак өргөөлүү болду

 
Сузак районунун Кара-Дарыя айылында селден жабыр тарткан 8 үй-бүлө үйлүү болду. Маалыматты райондук администрациядан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
8 үй-бүлөнүн турак жайы селден жабыркап, жашоого жараксыз абалга келген болчу. Тургундар бир жылдан бери вагондо жашап келген.
Белгилей өтсөк, селден жабыркагандарга жер тилкеси ажыратылып, мамлекет тарабынан 5 миллион 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары мекеме-ишкана кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акылары которулган.
Ал эми Сузак райондук мамлекеттик администрация тарабынан кыш жана башка материалдык колдоо көрсөтүлгөн. Жалпысынан сегиз үйдү курууга 12 миллион сом жумшалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: