super.kg logo

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу. Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү белгилүү болду

 

2022-жылы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы Жалпы республикалык тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.

Кабарлангандай, Билим берүү жана илим министрлигинин ЖРТны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди.

Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоо 2022-жылдын 17-октябрынан 27-октябрына чейин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  • Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бекиткен эрежелерге ылайык, алдыда өтө турган ЖРТга катталууга кызыкдар адамдарды маалымдоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүгө;
  • каттоону (онлайн режимде) жүзөгө ашыруу үчүн атайын бөлмө бөлүп берип, зарыл байланыш каражаттар, жабдуулар жана оргтехника менен камсыздоого.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: