super.kg logo

Маданият министрлиги туристтерди тартуу үчүн онлайн-афиша түзүүнү пландап жатат

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм  министрлиги туристтерди тартуу  үчүн онлайн-афиша түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрдагы маалымат жыйынында маданият министринин орун басары Максат Чекишев билдирди. 

Анын айтымында, маданият туризмдин маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелет. “Маданият тармагында болуп жаткандардын бардыгы туристтер үчүн кызыгууну жаратат. Ошондуктан туристтерди маданиятыбыз аркылуу тартууну пландап жатабыз. Биз сайт ачууну жана ага бир жылдык спектакль, кино, концерттердин тизмесин жарыялоо тууралуу ойлонуудабыз. Көпчүлүк туристтер чет мамлекеттерге белгилүү жазуучулардын чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди көрүү үчүн барышат”,- деди Чекишев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: