super.kg logo

Салык кызматында бир башкармалык жоюлду

 

Салык кызматынын алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгы жоюлду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаары, түндүк жана түштүк аймактары боюнча алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгын жоюу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнө байланыштуу болду, анткени анын карамагына жоюлуп жаткан башкармалыктын функциялары өттү.

Кредиторлордун арыздары 2022-жылдын 8-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: