super.kg logo

Москвада Владимир Путин жарыялаган мобилизация аяктады

 

Москвада президент Владимир Путин жарыялаган жарым-жартылай мобилизация аяктады жана анын жүрүшүндө жарандардын жашаган жерлерине жөнөтүлгөн чакыруу кагаздары күчүн жоготту. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"Москва шаарынын аскер комиссарынын маалыматы боюнча президенттин жарлыгы жана Коргоо министрлигинин тапшырмасынын негизинде белгиленген жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча тапшырмалар толугу менен аткарылды. Мобилизациялангандарды кабыл алуу пункттары бүгүндөн тарта жабылды. Аскер комиссиараттары 2022-жылдын 17-октябрында саат 14:00дөн баштап ишин токтотот", - деген Собянин.

Орусияда президенттин жарлыгы менен 21-сентябрдан тарта жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, чакырылгандар атайын даярдыктан өтүп, андан кийин Украинадагы бошотулган аймактарды көзөмөлдөөгө өтүшөт. Мобилизациялоо учурунда жалпысынан 300 миң резервист чакырылды. Бул Орусиянын жалпы мобилизациялык ресурсунун 1 пайыздан ашыгын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: