super.kg logo

Министр: "ӨКМнын тик учагы менен бир саатка учуу баасы 2300 доллар турат"

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине алынган тик учак менен бир саатка учуу баасы 2300 доллар турат. Бул жөнүндө өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев министрликтин бир жылдык иши тууралуу маалымат жыйын берип жатып билдирди.

"Биздин авиакомпания толук коммерциялык болуп эсептелет. Анын ар бир учуусу коммерциялык баада жүргүзүлөт. Бир сааты 2300 доллар. Буга ар бир жаран, менчик компания же мамлекеттик компания болобу, кимиси кайрылбасын жогорудагы акчаны төлөйт. Убактысына жараша тик учакты колдонот.

Биз жол кырсыгы, жаратылыш кырсыгы болобу, суу кырсыгы болобу, кайсы гана кырсык болбосун аны акысыз жүргүзөбүз. Бирок авиакомпаниябыз толугу менен коммерциялык долбоор. Өзүнүн бардык учууларын коммерциялык баада жүргүзөт. Муну айтып жатканымдын себеби азыр социалдык тармакта тик учактарыбыз кайсы бир жерде байкалып, учуп жүрөт деген талкуулар болууда. Кимиси болбосун айтылган каражатты төлөйт, тик учакта уча алат", - деди министр.

Ошондой эле тик учактын ичинде анын учуу убактысын эсептей турган атайын аппараты бар экенин жана ӨКМнын эч бир кызматкери тик учакты өз максатына колдоно албастыгын кошумчалады.

"Тик учак 2 миллион 730 миң еврого алынган. Муну бекер же ар жакка шарактатып айдоо мамлекетке чыккынчылыкка тете болот. Ошондуктан өзүнө салынган акчаны кайтарыш керек. Кудай буюрса, түшкөн каражатка дагы башка тик учак алууга аракет кылышыбыз керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, тик учакка 4 адам батат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.10.2022. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр мырза,өзү жарнамалаптырда жакшы .Келгиле,төлөп учуп ойногула деп.
17.10.2022. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажыкеев сен озундун чонтогунон кеткендей айтып жатасын го акчасын кайтарып алыш керек деп. Элдин мамлекеттин акчасына алынган техниканы элдин кереги учун жумша. Коммерция кылганды унут. Алыскы райондордон оорулу адамды алып келиш учун скорыйлар ченебеген акча алышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: