Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата “Таазим” аталыштагы документалдуу тасма тартылды
СССРдин Эл артисти
Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата “Таазим” аталыштагы документалдуу тасма
тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография
департаментинен кабарлашат.
Автор: Темирбек Матаев
Маалыматка
караганда, театр жана кино жылдызы Бакен Кыдыкеева тууралуу тартылган “Таазим”
документалдык тасмасы 4-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз
улуттук академиялык драма театрында анын 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн кечеде көрсөтүлгөн. Тасмада Бакен Кыдыкеева тартылган кинолордогу
архивдик материалдар пайдаланылган.
Кошумчалай кетсек, “Таазим”
тасмасынын режиссёру жана сценарийин жазган автору Мурат Мамбетов. Тасма Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” студиясында тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.