super.kg logo

"Генерал болом". Дайынсыз болуп жаткан Дастан Анарбековдун эжеси аны менен акыркы жолу эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн жарыялады

 
" - Аскердик наам алган турбайсыңбы, куттуктайм! Азаматсың Дастан!
- Рахмат эже, мен буюрса генерал болом", - деп WhatsApp тиркемеси аркылуу сүйлөшкөнүн дайынсыз болуп жаткан Дастан Анаркуловдун эжеси Нурила Субанбердиева жеке баракчасына жүктөдү.
Анда Дастан 1-2 жылда үйлөнө турганын жазганын билдирген. Акыркы жолу 16-сентябрь күнү эртең менен байланышканын жазган.
Баткендеги Достук айылындагы чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз.

Ал ушул жылы Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер окуу жайын аяктап, Баткенге иштөө үчүн бир ай мурда барган.

14-16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясынан кийин Дастандын ата-энесине анын курман болгонун угузуп, кара кагаз беришкен. Бирок ушул күнгө чейин анын сөөгү келе элек.

Бирок ушул жылдын 5-октябрь күнү УКМК бронежилет кийген аскер кызматкеринин сөөгү табылганын, дене сыртынын 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болбогонун билдирген. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: