Бишкектеги жаан. Мэрия айдоочуларды унааларын бактын жанына токтотпоого чакырды
Жаап жаткан жаан дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет жана бул кооптуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоону өтүнөт.
"Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номурларына кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүңүздөр", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Саман

18.10.2022. 11:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Макул
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.