super.kg logo

Орусиядагы учак кырсыгынан көз жумгандардын саны 13кө жетти

 
Краснодар аймагынын Ейск шаарчасында аскердик учак кырсыгынан көз жумгандардын саны 13кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Анда талкаланган имараттарды тазалоо учурунда учак кулаган жерден көз жумгандардын сөөктөрү табылгандыгы, кырсыктан 13 адам каза болгондугу жана анын үчөө балдар экендиги айтылат.
Ошондой эле 19 адам ар кандай жаракат алган. Издөө иштери учурунда 68 адам куткарылып, 360 киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Эске салсак, 17-октябрда Орусиянын Краснодар аймагына караштуу Ейск шаарчасындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу истребители кулады. Маалым болгондой, Су-34 машыгуу иштери учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: