super.kg logo

Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби бекитилди

 

Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган документ “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча окуудан өтүүгө жана окуудан өтүү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө карата талаптарды аныктайт.

Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуунун максаты кесиптик аудиторлордун аудит чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана колдоо жана кесиптик билим берүүнү улантуу болуп саналат.

Аудитордун квалификациялык сертификатына ээ ар бир аудитор үч жылдан ашпаган мөөнөткө ырастоочу документтери менен бала багуу боюнча өргүүдө, окууда, узак ооруда жана/же узак реабилитацияда болгон мезгилде иши токтотулуп турган мезгилден тышкары, аудитордун квалификациялык сертификатын алган жылдан кийинки жылдан баштап, ар бир календардык жылдын ичинде программа боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: