super.kg logo

Өлкөдө айрым товарларды маркалоо жөнүндө жобо бекитилди

 

Кыргызстанда айрым товарларды маркалоо жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Кыргызстанда айрым товарларды маркалоо жөнүндө жобо Салык кодексинин 4-беренесин ишке ашыруу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргоону камсыздоо, товарларды эсепке алынбаган/контрабандалык ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө жогорку натыйжалуу курал болуп саналаарын белгилей кетүү керек.

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 13, 17-беренелерине ылайык төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: