
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул жөнүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Кабарлангандай, мындай чектөө Нарын облусунун Кубакы ашуусунда аба ырайы калыбына келгенге чейин болот.
"Азыркы учурда Кубакы ашуусунун айланасындагы жолдордо жааган кардын калыңдыгынан бардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду.
Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына учурда чектөөлөр алына элек. Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
ЖКККББ айдоочуларды каршы тилкеге чыкпоого (тыгын болгон учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сактоого чакырат.