Облустук ооруканалар үчүн 5 компьютердик томография сатып алынды



Облустук ооруканалар үчүн 5 компьютердик томография сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо мнистрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын “COVID-19га өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү” жана “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу ERIK-CERC” долбоорлорунун алкагында диагностикалык процедураларды жүргүзүү үчүн 5 компьютердик томография (КТ) сканери сатып алынды.
Томографтар Саламаттык сактоо министрлигинин таркатуу планына ылайык беш облустук бириктирилген ооруканага (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Талас облустары) өткөрүлүп берилди.
Бүгүнкү күндө жеринде диагностикалык медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштери бүткөрүлүп, КТ орнотуу процесси жүрүп жатат. Жаңы медициналык жабдуулар ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде COVID'ден кийинки татаалдыктарга диагноз коюуга мүмкүндүк берет. Сатып алынган жабдыктын аркасында жергиликтүү дарыгерлер оорунун динамикасын көзөмөлдөп, диагноз коюу үчүн башка клиникаларга жөнөтпөстөн, түз эле ооруканада текшерүү жүргүзө алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.