Сүйүнчү! Ырчы, дастанчы Азиз Батыров кырк жылкылуу болду
Ырчы, дастанчы Азиз Батыров бүгүн, 19-октябрда кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу ырчынын өзү менен байланышканыбызда айтты.
"Келинчегим Бишкек шаарындагы №1 төрөтканадан көз жарды. Учурда кубанычым коюнума батпай, абдан сүйүнүп, толкунданып турган убагым. Кудайга шүгүр, келинчегимдин да, кызымдын дагы абалы жакшы. Кызымдын салмагы 3 килограмм 800 грамм, бою 51 сантиметр", - дейт кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн ырчы.
Ал эми ырчы азырынча кандай ысым ыйгара турганын ойлонуп жатканын билдирди.
"Кызыма ысымды кыргыздын тарыхый инсандарынын атынан тандап жатабыз. Буюрса, нукура кыргызча ысым ыйгарабыз", - дейт дастанчы.
Айта кетсек, Азиз Батыров келинчеги экөө 2020-жылы 6-июлда Ынтымак аттуу уулдуу болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.