Тоңдо мыйзамсыз менчикке өткөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Төрт-Күл айыл аймагынын “Алма-Бак” участкасындагы 3,10 гектар жер аянты М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Аталган жер аянтын мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, бардык инстанциядагы сот органдары тарабынан толук канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 9 миллион 262 миң 800 сомду түзгөн 3,10 гектар жер аянты Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.