Жааган кардан улам Төө-Ашууда калган унаалар чыгарылды
Төө-Ашууда кар жаагандыгына байланыштуу ашуудан чыга албай калган унаалар чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу тоннелинин түштүк тарабында Daewoo Tico жана Honda Accord автоунаалары аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаагандыгына байланыштуу ашуудан чыга албай калган.
Мындан улам ӨКМнын Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары ыкчам жардам көрсөтүп, тоннелдин түндүк тарабына сүйрөп чыгарып беришкен. Андан соң 2 автоунаанын жүргүнчүлөрүнө ысык чай уюштурулуп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.