super.kg logo

Садыр Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда металлургия тармагынын флагманы – Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысына заводдун негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, аткарылган иштердин көлөмү, бюджетке төлөмдөр жана социалдык программалар тууралуу маалымат берилди.

Негизинен заводдун жетекчилиги 2019-жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга жана иштетүүгө тыюу салууну киргизүү менен комбинат уран концентраттарын кайра иштетүүнү токтоткондугун билдирди. Негизги цех консервацияланып, бирок бардык жабдуулар сакталып калган.

Комбинаттын кадрдык потенциалын сактап калуу үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып жаңы өндүрүш – курамында алтын бар рудаларды кайра иштетүү ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө орточо суткалык кайра иштетүүсү 100 тонна руданы эритүү, 500 тоннаны байытуу жана 20 тонна концентратты түзөт. Фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүү 2023-жылдын мартында күтүлүүдө. Шаар түзүүчү комбинат Чүй облусунда 220 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Президент Садыр Жапаров концентраттардын бардык түрлөрүн кайра иштетүүчү чынжырчаны түзүүнүн келечеги жана Кара-Балта тоо-кен комбинатынын потенциалын жогорулатуу тууралуу маалыматты угуп, комбинаттын жетекчилигине продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: