super.kg logo

Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

 

Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 миллион 407 миң мектеп окуучусу бар. Билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Учурда билим берүү тармагына тиешелүү 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет", - деди Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы мындан ары аймактардын билим берүү мекемелерин курууга карай муктаждыктарын аныктоо жаатындагы саясатты түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашыра тургандыгын белгиледи.

"Бишкекте жалпы билим берүүчү мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөй болгон. Президент быйылкы жылдын күз айларына чейин 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын койгон. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 миллиард сом, шаардык бюджеттен – 450 миллион сом, жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөн. Ырааты менен маселе чечилүүдө. Акыркы 10 жылда Бишкекте 9 гана мектеп курулса, быйыл 17 мектеп курулуп бүттү, анын 15и – республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана 2 мектеп донордук уюмдардын эсебинен курулду", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2022. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малодец. Бул Байкеда жакшы Иштеп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: