super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок"

 

Калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

"Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде 253 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут бар. Оштогу ЖЭБди, ошондой эле калкты, бюджеттик уюмдарды жана мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок. Отун базаларында көмүр бар. Калктын аяр катмарына бир тоннадан көмүр бекер таратылды. Баткен облусунда жашаган 875 үй-бүлөгө 603,8 тонна көмүр акысыз берилди", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенине видеокамералар орнотулуп, көмүр кениндеги абалды онлайн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.

"Быйыл жабдууларды жеткирүү маселеси чечилди: 100 жүк ташуучу жарты вагон сатып алдык. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына "Айыл Банк" ачык акционердик коому аркылуу 245 миллион сомго 54 даана атайын автоунаалар сатылып алынган, дагы 100 даана атайын тоо-кен техникасын лизингдик негизде алуу каралууда. Акыркы 8 жылда көмүр өндүрүү эки эсеге өскөнүн белгилегим келет. Эгерде өткөн жылдарда жылына 1,5 миллион тоннага чейин көмүр казылып алынса, быйыл 3,5 миллион тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда", - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2022. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы жөнүндө айтпайтго е. Баасыда 2 эсеге өстү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: