Жалал-Абадда убактылуу иштеп келген унаа токтотуучу жайлары жоюлду





Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү убактылуу унаа токтотуучу жайлары жоюлду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, алар Н.Айтматова, Ж.Бакиев жана Чехов көчөлөрүндө жайгашкан болчу.
Аталган көчөлөргө учурда “Автоунаа токтотууга болбойт” деген жол белгилери орнотулуп, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып барышууда.
"Эскертүүгө баш ийбеген айдоочулардын унаалары айып короолорго киргизилип жатат. Алдыда мындай иретке келтирүү иши улантылат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.