BTS тобу аскерге кетсе Түштүк Корея миллиарддаган доллардан ажырайт

Маалыматка ылайык, Hyundai изилдөө институтунун адистери дүйнөдөгү миллиондогон кыздардын фанаты болгон популярдуу BTS балдар тобунун мүчөлөрүнүн армияга жөнөтүлүшүнөн улам өлкөнүн экономикасы миллиарддаган долларларды жоготушу мүмкүн экенин эсептеп, жыйынтык чыгарышты.
Талдоочулардын айтымында, топтун ишмердүүлүгү жыл сайын Түштүк Кореянын экономикасына 3 миллиард 600 миллион доллардай киреше алып келет. Ошондой эле BTS менен байланышкан товарларды жана косметикаларды сатуу мамлекеттик казынага 1 миллиард 100 миллион доллардан ашык киреше алып келет.
Кошумчалай кетсек, 2017-жылы өлкөгө ар бир 13-турист BTS тобу үчүн гана келгени белгилүү.
Эскерте кетсек, буга чейин түштүк кореялык BTS эстрадалык тобунун мүчөлөрү аскердик кызматка бараары белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:37
2025-07-17
17:00
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.