super.kg logo

Өлкөгө мыйзамсыз акча алып кирүү жана алып чыгуу фактысына бөгөт коюлду

 

Кечээ, 19-октябрда «Достук-автожол» өткөрүү пунктунан өлкөгө мыйзамсыз акча алып өтүү боюнча эки фактыга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү эртең менен саат 10:00дө “Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунан 1982-жылы туулган А.А. жана 1984-жылы туулган Э.Э. аттуу эки Кыргыз жараны Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан. Чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда аталган жарандардын сумкаларынан чет элдик валютадагы каражаттар табылган. Кармалган каражаттардын жалпы суммасы 120 000 долларды түздү.

Кийинчерээк саат 18:30да Өзбекстандан Кыргызстанга 18 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү валютаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын 1992-жылы туулган Б.Ф. аттуу жараны кармалган.

Жогоруда аталган жарандар республиканын бажы мыйзамдарынын айланасында акча каражаттарын декларациялоосуз алып өтүүгө аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин эки учурда тең кармалган жарандар жана каражаттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: