"Ташиев тумшугуңарды талкалайм деди". Президент менен жолугушууга катышкан активист билдирүү жасады
Бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров активисттер менен жабык эшик артында Кемпир-Абад маселесин талкуулады. Талкууга президенттен тышкары УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы катышты.
Жыйынга катышкан жарандык активист Тилекмат Куренов талкуу бүтө электе эле кетип калганын билдирди.
"Мен жыйындан аягына чейин турушубуз керек экен деген жыйынтык чыгарып келдим. Бизди алдап жатышыптыр. Баягы эле деңгээл, суроого жооп берип жатып "Сен оппозициясың, сенин ниетиң бузук, сен көрө албайсың, сенин акылың жетпейт" деген сөздөрдү президентибиз баш болуп колдонушту. Ташиев бир сыйра "Эки, үчөөңөрдүн тумшугуңарды талкалаганга чейин барам" деп коркутту.
"Бул жакта эч кандай сыр жок, протоколдорду ачыкка чыгаргыла" десек, ратификацияга барганда 3 күн мурун чыгарабыз дешти. Мен бүтө электе чыгып кеттим", - деди Куренов.
Ошондой эле Куренов бийлик Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бергенге чечкиндүү кадам таштап алганын белгиледи.
"Жагымсыз көрүнүш болду. Эки достон башкабыздын баарыбыз аңкоо экенбиз", - деп кошумчалады ал.






















1 |