super.kg logo

Кыргызстандын маданият күндөрү Астана шаарында өтөт

 

Кыргызстандын маданият күндөрү Казакстандын Астана шаарында 26-29-октябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 26-29-октябрга чейин «Кыргыз киносунун күндөрү», 26-октябрда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Тегерек стол» жана кыргыз-казак элинин Эл артистери, Эл сүрөтчүлөрү, Эл акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, коомдук ишмерлеринин жолугушуусу өтөт.

Ал эми 27-октябрда маданият күндөрүнүн расмий ачылышына карата Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алат.

Мындан сырткары 28-октябрда “Манас” эпосуна арналган иш-чара жана Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак марал» бий ансамблинин жана Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттери болот. Ал эми жыйынтыктоочу 29-октябрь күнү маданият күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы өтүп, анда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Саманчынын жолу» спектакли коюлат.

"Кыргызстандын маданият күндөрүнүн делегациясын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектеп барат. Кыргызстандан бул маданий саамалыкка 300дөн ашуун адам баруусу күтүлүүдө.

Негизги чыгармачылык топ 25-октябрь күнү Астана шаарына сапар алат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: