super.kg logo

Өлкөдө 100гө чукул жоокер биринчи офицердик аскер наамына ээ болду (фото)

 

Куралдуу күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, экзамендердин жүрүшү жана лейтенант аскер наамын тапшыруу салтанаттуу аземи 19-октябрда КК Күжүрмөн даярдоо борборунда жана 36806 аскер бөлүгүндө жүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 100гө чукул жоокерге биринчи офицердик аскер наамы берилди.

"Бул жоокерлер Куралдуу күчтөрдүн кошуундарында жана аскер бөлүктөрүндө 11 ай мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр аталган окуу жыйынга келишкен", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын катышуучулары окуу жыйынынын учурунда взвод командиринин кызматтык ишмердүүлүгү жана аскер илиминин теорияларын жана башкаларды окуп, аларды практикада бышыкташты.

Жыйынтыгында жоокерлер комплекстүү экзамен тапшырышып, аны ийгиликтүү тапшыргандар гана офицердик “запастагы лейтенант” аскер наамына ээ болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: