Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Кубакы ашуулары кыймылга ачык
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Кубакы ашуулары кыймылга ачык. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Буга чейин айрым чектөөлөр киргизилген Бишкек-Нарын-Торугарт жана Бишкек-Ош трассалары аркылуу унаалардын бардык түрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Мекемеден билдиришкендей, бир гана Жалал-Абад-Казарман унаа жолу кыймылга жабык, учурда анда кар тазалоо иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.