Сокулуктук тургун Армениядан келген Lexus LX570 унаасын сатып алып алданып калды

Маалыматка ылайык, арыз ээси унааны Балыкчы шаарынан 17 миң долларга алган. Анын 15 миң долларын берип, эки миң долларын кийин бермек болгон. Кийинчерээк ал унаа башка адамга таандык экенин, ага саткан жаран ижарага алып айдап жүргөнүн билген. Натыйжада, арыз ээсине келтирилген чыгым 15 000 долларды түзгѳн.
Окуя Балыкчы шаарында орун алгандыктан Сокулук РИИБде катталган арызды кароо Балыкчы ШИИБине өткөрүлүп берилген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ж.У. аттуу тургуну кармалды.
Шектүү күнөөсүн моюнуна алды жана эки айга камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.