Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
Боом капчыгайында 4 күн катары менен кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз Темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрдан 28-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, тактап айтканда, Боом капчыгайында (темир жолдун 3902-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Иш саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.
30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чара таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

