super.kg logo
  Саясат  

Эрлан Абдылдаев Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя менен жолугушту

 
КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Киевде өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 20-жыйынынын алкагында Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда кабарлады.
Жолугушууда тараптар КР менен Финляндиянын суу ресурстары, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуулардын өнүгүү жолундагы баскычтары тууралуу кеп алышты. Ошондой эле министрлер мамлекеттер аралык өз ара кызматташууну бекемдөө үчүн расмий иш сапарларды уюштуруу зарылчылыктарын белгилеп өтүштү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: