Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү таратты

Атайын кызматтын маалыматында тараптар биргелешкен билдирүү таратканы, анда эки өлкөнүн аракеттери менен учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени айтылат.
Анда эки тарап чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча аракетти күчөтүүнү макулдашкан. Жетекчилер чек ара талуу маселе экенин эске алып, иш өз ара сый-урматтын, ынак коңшулук мамиленин негизинде жүрүшү керектигин белгилешти.
"Эки тарап тең жаңжалга жол бербөө боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын иш-аракеттерине объективдүү баа берди. Келишимдерди бекемдөө жана ишке ашыруу үчүн тараптар байма-бай жолугушуп турууну сүйлөштү. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары мамлекеттик чек ара сызыктарын аныктоо Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ыйгарым укуктуу иши экенин белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, алар жалпыга маалымдоо каражаттарын жана ыйгарым укугу жок адамдарды эки элдин ортосунда чагым сала турган, жаңжалдын чыңалышына түрткөн билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырышты.
Тараптар расмий эмес, чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү чек арадагы кырдаалды күчөтүү аракети катары баалай турганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

22.10.2022. 10:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бапештерге ишенбейм
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.