super.kg logo

Чүйдө учактын кулашы: Жабыркагандардын биринин абалы оор

 

Авиациялык колледждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Абалы оор делген жаран Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда экени айтылды. Ал 22 жаштагы курсант экени белгилүү болду.

"Башынан жараат алып, баш мээси чайкалган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 20-октябрда Чүйдө авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулаган. Кырсык Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда авиациялык колледждин курсанттары машыгып жаткан учурда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: