Кочкордо Ауди-100 унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу ооруканада каза болду
Кочкор райондук ооруканасында унаа сүзүп кеткен жаран каза болуп, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-октябрь күнү саат 20:25 чамасында болгон. Анда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип кетип калган. Жабырлануучу ооруканада каза болгон.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа аныкталып, унаанын айдоочусу, 1994-жылы туулган А.уулу Т. жана эки жүргүнчүсү кармалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.