Директорлорду тандоо: Бишкек жана Ошто өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги сынак 21-октябрда жана 22-октябрда өткөнүн билдирди. Ага ылайык:
Бишкекте тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер ийгиликтүү тапшырды.
Ош шаары боюнча тестирлөөгө 27 талапкер катышты. Анын ичинен 16 талапкер өттү.
Баткен облусунда тестирлөөгө 151 киши катышып, алардын ичинен 52 талапкер ийгиликтүү тапшырган.
"Андан сырткары Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарындагы бош ваканттык орундарга 10 талапкер тестке катышууга чакыруу алса, 9 талапкер катышып, 1 талапкер келген эмес. Тестке катышкан 9 талапкер тең 60 пайыздан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.